Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 34

Чыпкаларды алып салуу
"Кишинин (мечитте) жамаат менен окуган намазы, анын үйүндө же базарында окуган намазынан жыйырма канча даража ашыкча болот. Бул мындай, эгер алардын бири даарат алганда жеткиликтүү даарат алса, анан намаз окуу үчүн гана мечитке келсе, анын ар бир шилтеген кадамына даражасы көтөрүлөт, ошого жараша катасы өчүрүлөт. Ошентип мечитке кирип, канча убакыт намазды күтүп отурса, намазда отургандай эсептелет. Силерден бирөөңөр намаз окуган ордунда отурса, анын даараты бузулбаса же бирөөгө зыян тийгизбесе, периштелер ага дуба кылып: Аллахым, ага ырайым кыл. Аллахым, аны кечир. Аллахым, анын тобосун кабыл кыл дешет".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) такбир айтып намазга киргенден кийин (Фатиханы) окуганга чейин бир саамга унчукпай турчу. Ошондо мен: О, Аллахтын элчиси, ата-энем сага курман болсун, такбир менен кырааттын ортосунда унчукпай турдуңуз, ал учурда эмнени окуйсуз? - деп сурадым. Ал: " Аллахумма баъид байни ва байна хотойайа камаа баъадта байнал машрики вал магриб, Аллахумма наккини мин хотойайа камаа йунаккас савбул абйазу минад-данаси, Аллахуммаг силнии мин хотойайа бис-салжи вал-мааи вал-баради" деп айтамын" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Жума күнү жуунуу, тишин мисвак менен тазалоо жана эгер таба алса жыттуу нерсени себинүү ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулманга ваажыб".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силердин бириңер башын имамдан мурда көтөрүп алса, Аллах анын башын эшектин башындай, же анын кейпин эшектин кейпиндей кылып коюусунан коркпойбу".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Саптарда тегиз тургула. Анткени, саптын тегиздиги - намаздын толуктугунан болуп эсептелет".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Фатиханы окубаган адамдын намазы жок".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ислам беш нерсеге (түркүккө) негизделген : Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын кулу жана элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, (Каабага) ажылык кылуу, Рамазанда орозо кармоо".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Силерден кимиңер жума намазына келсе, жуунуп келсин".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)