Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 7

Чыпкаларды алып салуу
"Балдарыңарды жети жашка чыкканда намаз окууга буйругула, он жашка чыкканда (окубаса, эскертүү үчүн акырын) ургула жана (кыз менен баланын) жаткан орундарын бөлгүлө".
Хасан (жакшы) Абу Дауд жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бир күнү биз менен багымдат намазын окуп, анан: "Баланча намазга келдиби?" - деп сурады. Сахабалар: "Жок, келбеди" - дешти. Ал: "Баланча келдиби?" - деп сурады. Сахабалар: "Жок, келбеди" - дешти. Ошондо ал: "Ушул эки намаз мунафыктар үчүн өтө оор намаздар. Бул эки намаз үчүн бериле турган сооп-сыйлыкты билгениңерде, төрт буттап жөрмөлөп болсо да келет элеңер . Биринчи сап периштелердин сабы сыяктуу. Эгер биринчи саптын артыкчылыгын билгениңерде, ага жарышып келмексиңер. Чынында, адамдын бирөө менен окуган намазы анын жалгыз окуган намазына караганда жакшы. Эки адам менен окуган намазы бир адам менен окуган намазына караганда жакшы. Намазда кишинин саны канча көп болсо, Аллахка ошончо жагымдуу болот".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
"Эй, Билал, намазга чакыр жана намаз менен бизди эс алдыр".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд жазып калтырган.
"Үч түрдүү адамдан калем көтөрүлгөн (б.а. күнөө жазылбайт): уктап жаткан киши ойгонгонго чейин. Жаш бала балакат курагына жеткенге чейин. Акылынан айныган адам акылына келгенге чейин".
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ат-Тирмизи, ан-Насааи "Ал-Кубро" китебинде жазып калтырган жана Ибн Маажа менен Ахмад да жазып калтырган.
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын колунан кармап: "Эй Муаз, Аллахка ант берип айтам, мени сени жакшы көрөм" - деди. Анан: "Муаз, сага айтар осуятым: ар бир намаздан кийин "Аллахумма аъинни ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ъибадатика" деп айтканды такыр калтырба" - деди.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Раббигфир ли, Раббигфир ли" - (10) деп айтчу.
Сахих (ишенимдүү) Абу Дауд, ан-Насааи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки сажданын ортосунда: "Аллахуммагфир лии, вархамнии, ва аъфинии, вахдинии, варзукнии" - деп айтчу.
Хасан бишаваахидихи (башка жакшы айтымдары бар хадис). Абу Дауд, ат-Тирмизи, Ибн Маажа жана Ахмад жазып калтырган.