Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 41

Чыпкаларды алып салуу
Абдурахман бин Ауфтун аялы Умму Хабиба бинт Жахш Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) каны токтобостугун айтып арызданып келди. Ал ага: "Өзүң айыз деп эсептеген мөөнөтүңчө намазды токтотуп тур да, анан жуунуп (окуй) бер" - деди. Ошондон кийин ал ар бир намазына жуунуп жүргөнүн көрдүм.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганда бир саадан беш мудга чейин өлчөмдөгү сууга жуунчу. Даарат алганда бир муд сууга даарат алчу.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен сапарда бирге болдум. (Даарат аларда) анын маасыларын тартмакчы болсом, ал: "Аларды тек кой, анткени мен аларды даарат алып анан кийгенмин " - деди. Анан аларга масх тартып койду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"Ким даарат алганда жеткиликтүү жакшы даарат алса, денесинен күнөөлөрү төгүлүп, тырмактарынын астынан чыгып кетет".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жуунганга суу алып келдим. Анан аны кийим менен көрсөтпөй тосуп турдум. Ал оболу суу куюп колдорун жууду. Анан оң колу менен суу алып сол колуна куюп аврат жерлерин жууду. Анан колун жерге чаап, сүртүп, анан кайра жууду. Анан оозу, мурдун чайкады. Анан бетин жана колдорун чыканактарына чейин жууду. Анан башына суу куюп, жалпы денесин жууду. Анан бир жагына жылып, буттарын жууду. Мен ага арчынганга кийим берсем аны алган жок. Колу менен денесиндеги сууну сыдырып, ары басты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Бир киши даарат алып бутун жууганда тырмак ордундай жерине суу тийбей калды эле аны көрүп калган пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): "Кайра кайт да, дааратыңды жакшылап ал" - деди. Тиги кайра даарат алып, анан намаз окуду.
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Муслим жазып калтырган.
"Чындыгында. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эки жолудан, эки жолудан жууп даарат алды".
Сахих (ишенимдүү) Бухари жазып калтырган.
"Силердин бирөөңөр даарат алып, анан маасысын кийсе, ошол маасысы менен намаз окуй берет. Кийин даарат алганда маасысына масх тартат жана кааласа аларды чечпейт. Бирок жунуб болсо гана чечип жуунусу керек".
Сахих (ишенимдүү) Ад-Даракутни жазып калтырган.