Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 30

Чыпкаларды алып салуу
"Мурутуңарды кыскарткыла жана сакалыңарды өстүргүлө".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Амр бин Абу Хасан, Абдуллах бин Зайддан пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кандай даарат алганы тууралуу сурап жатканына күбө болуп калдым. Ал бир идишке суу алдырды. Анан аларга пайгамбар даарат алгандай даарат алып көрсөттү . Идиштен колуна суу куюп, колдорун үч жолу жууду. Анан идишке колун салып суу алып, үч жолу оозуна суу алып гаргара кылып жууп, мурдуна суу алып кайра чимкирди. Анан колун салып суу алып бетин үч жолу жууду. Анан колдорун эки чыканагын кошуп эки жолу жууду. Анан колун сууга салып башына бир жолу масх тартып, башынын алды жагынан баштап, кайра баштаган жерине алып келди. Анан буттарын томугун кошуп жууду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мени кайсы бир ишке жумшады. Мен жунуб болуп калып, жуунгага суу таппай койдум. Анан жан-жаныбарлар оонаган сыяктуу топуракка оонап, буланып (намаз окудум). Кийин Аллахтын элчисине келгенде ушуну айтсам, ал: "Сага колдоруңду мына ушинтсең жетиштүү болмок" - деп, алакандары менен жерди бир жолу чаап, анан оң жана сол колунун үстүнө, анан бетине сүртүп койду.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Менден такай кан келип турат, эч таза болбоймун. Намазды таштап койомунбу? Ал минтти: "Жок, бул тамыр (жарылгандан чыккан кан). Сен этек кир көргөн күндөрдүн эсебинче намазыңды токтот да, андан кийин жуунуп намаз окуй бер".
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) менен бирге болчумун. Ал адамдар таштандыларын таштаган жерге барды да, туруп заара кылды. Мен алысыраак турдум эле: "Жакыныраак кел" - деди. Мен ага жакын келип артына турдум. Ал даарат алып, эки маасысына масх тартты.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
“Кайсы бир мусулман жакшылап даарат алып, анан жүзү менен да, жүрөгү менен да берилип эки ирекет намаз окуса, анын бейишке кирүүсү анык болот”. (Аны угуп): Кандай жакшы сөз... – деп жибердим (сүйүнүп). Менин жанымда турган киши: Мындан мурдагы айтканы мындан да жакшы болчу, – деди. Карасам, ал Умар (ага Аллах ыраазы болсун) экен. Ал мага карап: Сенин эми эле келгениңди көрдүм, сага чейин ал: “Кимдир бирөөңөр жакшылап толук даарат алып, анан: “Ашхаду ан лаа илааха иллаллааху ва анна Мухаммадан аъбдуху ва расуулуху” деп айтса, ага бейиштин сегиз эшиги ачылып алардын каалаганынан кирет” деп айтты" – деди.
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.