Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 5

Чыпкаларды алып салуу
"Эгерде силердин бирөөңөр курсагындагы желдин чыкканын билсе жана андан жел чыктыбы же чыкпадыбы деп күмөн санаса, ал желдин үнүн укмайынча же жытын жыттамайынча мечиттен чыкпасын".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
«Аллах Өзүнүн өкүмдөрү так аткарылышын жакшы көргөндөй эле, Өзү берген уруксаттардын аткарылышын жакшы көрөт».
Сахих (ишенимдүү) Ибн Хаббан жазып калтырган.
"Шек-күмөн жаратып турган ишти таштап, шек-күмөнү жок ишти аткар. Чынчылдык - бейкуттукту, жалган айтуу болсо, шектенүүнү алып келет".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи, ан-Насаи жана Ахмад риваят кылган.
"Шек-күмөндүү ишти таштап, күмөнү жок ишти кыл".
Сахих (ишенимдүү) Ат-Тирмизи жана ан-Насаи риваят кылган
«Зыян тартуу жок жана зыян берүү да жок. Ким зыян келтирсе, анда Аллах ага зыян келтирет. Ал эми ким машакат жаратса, анда Аллах аны машакатка салып коёт».
Сахих бишаваахидихи (башка ишенимдүү айтымдары бар хадис). Ад-Даракутни жазып калтырган.