Skip to content
545 Хадистер

Пайгамбар хадистеринин энциклопедиясы

Жыйынтыктарды чыпкалоо

545 карточканын 3

Чыпкаларды алып салуу

Хадистин даражасы

"Бул тууну Аллахты жана Анын элчисин жакшы көргөн адамга берем. Аллах Таала аны жеңишке жеткирет". Умар бин Хаттаб айтат: Мен башчы болууну ушул күнү гана аябай кааладым. Анан мага берип калса деп үмүт кылып (көрүнүү үчүн) боюмду керип өйдө болдум. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Али бин Абу Талибди чакырып, ага тууну берди. Анан: "Согушка аттан, Аллах жеңишке жеткирмейинче, артыңа кылчайба" - деди. Али алдыга басып жөнөп, токтой калды, бирок артына бурулуп караган жок. Анан үнүн катуу чыгарып: Оо, Аллахтын элчиси, алар эмне кылганча согушайын? - деп сурады. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деди: "Алар Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине жана Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк бергенге чейин согуша бер. Эгер алар ушинтип күбөлүк берип мусулман болсо, өлүм жазасына татыктуу күнөө кылмайынча, жандарын жана мал-мүлкүн сенден сактап калышат. Алардын эсеби Аллахтын колунда".
Сахих (ишенимдүү) Муслим жазып калтырган.
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Ансарлар тууралуу: "Аларды ыймандуулар гана жакшы көрөт. Мунаафыктар гана жаман көрөт. Аларды жакшы көргөндөрдү Аллах жакшы көрөт. Аларды жаман көргөндөрдү Аллах жаман көрөт" - деген.
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)
"«Силердин эң жакшыңар - менин доорум. Андан соң алардан кийин келгендер. Андан соң алардан кийин келгендер». Имран айтты: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан кийин эки доорду айттыбы же үч доордубу, билбейм. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты: «Чындыгында, силерден кийин ушундай коом келет: алар кыянаттык кылышат жана аларга ишеним артылбайт, алардан күбөлүк суралбаса да күбөлүк беришет, назир аташат бирок аткарышпайт жана алардын арасында семирүү пайда болот»."
Сахих (ишенимдүү) Муттафакун алайхи (хадистин ишенимдүүлүгүнө бир ооздон макулдашылган)